Япониянын ири компаниялары жасалма интеллект боюнча жаңы платформа түзөт

Дүйнө Загрузка... 13 Апрель 2026 09:05
a2f74b0d-093e-4590-89a8-cd4df7f509ae.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Япониянын алдыңкы корпорациялары ички рынокко багытталган заманбап жасалма интеллект платформасын иштеп чыгышат. Долбоорго SoftBank, NEC, Honda Motor жана Sony Group компаниялары катышууда. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Жаңы түзүлө турган структура АКШ жана Кытайдагы технологиялар менен атаандаша ала турган жасалма интеллект чечимдерин ылдам иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун баштапкы этабында негизги ролду SoftBank жана NEC ойнойт. Кийинчерээк аларга Токиодо жайгашкан Preferred Networks компаниясы кошулат.

Иштин алкагында негизги жасалма интеллект моделдерин түзүү менен катар, өнөр жай роботторун башкаруучу системалар сыяктуу колдонмо чечимдер да иштелип чыгат. Бул үчүн жаңы компания жасалма интеллект тармагындагы 100гө жакын адисти тартууну пландап жатат.

Каржылоо маселеси боюнча долбоор New Energy and Industrial Technology Development Organization мамлекеттик агенттигине кайрылууну көздөйт. Бул уюм өлкөдөгү жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө 1 триллион иенге (болжол менен 6,3 млрд доллар) чейин каражат бөлүүнү карап жатат.