Япониядагы жер титирөөдө 38 адам каза болду

Дүйнө Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-08-04 at 08.37.04.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Япониядагы жер титирөөдө 38 адам каза болуп, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип, Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, Кумамото префектурасында болгон 7,1 баллдык жер титирөөдө урандылардын астынан куткарылган 13 адамдын абалы оор. Кырсык турак жай, коммерциялык жана өнөр жай имараттарын кошо алганда, болжол менен 4600 имаратка зыян келтирген. 46 миңге жакын үй чарбасы жана ишканалар суусуз калууда.

Учурда 206 эвакуация борборунда болжол менен 8500 адам жайгаштырылган.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 20 млрд иен бөлүү пландалып жатканы айтылууда.