Бишкек, 09.02.26 /Кабар/. Японияда өткөн шайлоодо бийликтеги Либерал-демократиялык партиясы (ЛДП) көпчүлүк добушка ээ болгонун Интерфакс билдирет.
Анда белгиленгендей, премьер-министр Санаэ Такаитинин партиясы парламенттин төмөнкү палатасындагы 465 орундун 316сын алды.
Ал эми коалициядагы өнөктөшү болгон Инновациялар партиясы 36 мандатка ээ болду. Бул ЛДП үчүн 1955-жылы түзүлгөндөн берки эң мыкты жыйынтык. Мурдагы рекорд 1986-жылы, премьер Ясухиро Накасонэнин учурунда болгон (300 орун).
Шайлоого чейин ЛДП болгону 198 орунга ээ эле. ЖМКлар бул ийгилик Такаитинин жеке популярдуулугу менен байланыштуу экенин белгилешүүдө.
Эки-үчтөн ашык орунга (310дон көп) ээ болуу ЛДПга чоң мүмкүнчүлүк берет. Эми партия Конституцияга өзгөртүү киргизе алат же мыйзамдарды жогорку палата каршы чыкса да кабыл ала алат.
Ал эми оппозиция утулууда. Мурда 172 орунга ээ болгон оппозициялык партиялар азыр болгону 49 орунга ээ боло алышты.
Санаэ Такаити шайлоодон кийин өкмөт курамын өзгөртпөй турганын айтты. Анын айтымында, азыркы министрлер ишенимдүү адамдар жана алар активдүү иштеп жатышат.