Японияда жер титиреп, поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады

Дүйнө 24 август 2026 11:10
Японияда жер титиреп, поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Японияда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, ондогон адамдар жаракат алды. Бул тууралуу Euronews кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Токиого жакын жердеги Ибараки префектурасынын түштүгүндө, болжол менен 68 чакырым тереңдикте жайгашкан. Өлкөдө цунами коркунучу жок экени айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кеминде 37 адам жаракат алган.

Токиодо айрым аймактык поезд каттамдары үзгүлтүккө учураганы кабарланууда.