Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Япониялык фейерверк өндүрүүчүсү Рюкоку университетинин окумуштуулары менен биргеликте экологиялык таза жардыргычтарды ойлоп табышты, деп Kaзинформ Kyodo агенттигине шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, учурулгандан кийин бул салюттар 24 сааттын ичинде толугу менен эрип, калдыктардын көлөмүн азайтат.
Жаңы технологияны Шига префектурасындагы Kakinoki Fireworks Industry Co. компаниясы профессор Такахико Накаоки менен биргеликте иштеп чыккан. Бул технология фейерверктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтат.
Компаниянын президенти Хироюки Какиноки компания быйыл болжол менен 20 миң фейерверк чыгарууну пландап жатканын, алардын жарымы жаңы экологиялык таза технологияны колдонуу менен чыгарылаарын билдирди.