Бишкек, 27.02.26 /Кабар/. Японияда төрөлгөн балдардын саны он жыл катары менен азайып, эң төмөнкү тарыхый чекке жетти. Бул тууралуу Казинформ кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдө 706 миң ымыркай төрөлгөн. Бул - 1899-жылдан берки эң аз көрсөткүч болуп саналат. Тактап айтканда, 2024-жылга салыштырмалуу төрөлүү 2,1 пайызга кыскарган.
Адистер муну бир нече себеп менен түшүндүрүшөт:
- калктын тез картаюусу;
- инфляция жана жашоонун кымбатташы;
- бала багуунун чыгымынын өсүшү;
- жаштардын никеге турууну жана балалуу болууну кийинкиге жылдырышы.
Белгилей кетсек, 1973-жылы Японияда 2 миллиондон ашуун бала төрөлгөн. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч алгачкы жолу 1 миллиондон төмөн түшкөн.
Ал эми өлкөдө өлгөндөрдүн саны төрөлгөндөрдөн кыйла көп болууда. 2025-жылы калктын табигый азаюусу 899 миң адамды түзгөн. Башкача айтканда, төрөлгөндөргө караганда өлгөндөр дээрлик 900 миңге көп болгон.
Буга чейин адистер төрөлүү саны 2042-жылга чейин 710 миңден төмөн түшпөйт деп болжолдошкон. Бирок бул чек күтүлгөндөн эрте бузулуп, 2024-жылы эле төрөлгөндөр 700 миңден азайган.
Ошол эле учурда 2025-жылы никеге тургандардын саны 1,1 пайызга өсүп, 505 миңге жеткен.
Төрөлүүнүн өсүшү болгону эки аймакта катталган:
- Токиодо калктын агымы жана үй-бүлөлөрдү колдоо чараларынын аркасында акыркы 9 жылда биринчи жолу өсүү байкалган;
- Исикава префектурасы 2024-жылдагы катуу жер титирөөдөн кийинки төмөндөөнүн ордун толтурган.
Ал эми калган 45 префектурада төрөлүү азайган. Айрыкча Симанэ, Ямагата, Аомори жана Нагано префектураларында көрсөткүч кескин төмөндөгөн. Айыл жерлериндеги жаштар билим алуу жана иш табуу үчүн шаарларга көчүп кетүүдө.
Мындан тышкары, 2025-жылы Японияда 1,61 миллион адам каза болгон. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 13 миңге аз, бирок жалпы калктын санынын азайышы уланып жатат.