Бишкек, 10.01.26. /Кабар/. Күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө Япониянын Огасавара аралдарынын аймагында катталды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн башкы метеорологиялык башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.
Анда белгиленгендей. жер титирөөнүн очогу Ио (Иводзима) аралынын аймагында болуп, очогу 30 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Мында цунами коркунучу жаралган жок. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жөнүндө маалыматтар айтыла элек.