Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Японияда 2025-жылдын жыйынтыгы менен эркектердин 50,9 пайызы бала багуу боюнча өргүүгө чыгып, бул көрсөткүч өлкө тарыхында биринчи жолу 50 пайыздан ашты. Бул тууралуу Kyodo агенттиги билдирди.
Япониянын Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 10,4 пайыздык пунктка өсүп, акыркы 13 жылдан бери тынымсыз жогорулап келет.
Өсүш өкмөттүн аталарды бала багуу боюнча өргүүгө көбүрөөк тартууга багытталган чаралары, анын ичинде төрөттөн кийинки атайын өргүү программасынын кеңейтилиши менен байланыштуу.
Маалыматка ылайык, эркектер көбүнчө бир айдан үч айга чейин өргүү алышса, аялдардын басымдуу бөлүгү 12 айдан 18 айга чейинки мөөнөткө бала багуу боюнча өргүүгө чыгышат.
Япониянын өкмөтү 2030-жылга чейин аталардын бала багуу боюнча өргүү алуу деңгээлин 85 пайызга жеткирүүнү максат кылууда.