Японияда акыркы апталарда аба ырайынын кесепетинен 46 адам каза болду

Дүйнө 11 февраль 2026 09:35
Японияда акыркы апталарда аба ырайынын кесепетинен 46 адам каза болду

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Японияда акыркы үч жуманын ичинде кардын чоң көлөмдө жаашынан улам 46 адам каза тапты. Бул тууралуу The Japan Times басылмасына таянып Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка ылайык, дагы 558 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

20-январдан тарта Япониянын түндүк аймактарында кар өтө чоң көлөмдө жаай баштаган. Мындай аба ырайынан улам өлкөдө олуттуу транспорттук кыйынчылыктар жаралган.

Жергиликтүү метеорологиялык кызматтын билдирүүсүнө ылайык, Хонсю аралынын түндүгүндө жайгашкан Аомори шаарында кардын калыңдыгы учурда 1,3 метрге жетти.