Япониядагы 6,9 баллдык жер титирөө поезд каттамдарын токтотту

Дүйнө Загрузка... 25 Июнь 2026 09:30
images (3).jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Японияда 6,9 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Япониянын түндүгүндөгү Иватэ префектурасынын чыгыш жээгинде 6,9 баллдык жер титирөөнүн очогу болжол менен 50 чакырым тереңдикте жайгашкан. Цунами коркунучу жок экени айтылды.

Жер титирөөдөн кийин Сендай - Син-Аомори линиясында поезддин каттамы токтотулган.

Бул аймакта акыркы айларда жер титирөө көп катталууда.