Японияда 6,2 баллдык жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 27 Март 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-03-27 at 08.51.49.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Японияда 6,2 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Бириккен геофизикалык кызматынын Алтай-Саян бөлүмү билдиргенин, ТАСС кабарлайт.

Маалыматка караганда, зилзала Тынч океанында Хонсю аралынын (Япония) чыгыш жээгинде болду. Анын очогу Мияко шаарынан (Ивате префектурасы) 165 чакырым чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүнүн интенсивдүүлүгүнө жараша, жер титирөө "кыйратуучу" деп бааланган.

АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6,5 балл деп баалады. Америкалык сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу 9,5 чакырым тереңдикте орун алды.