Бишкек, 27.03.26. /Кабар/. Япония өкмөтү 1-апрелден тарта жарандык алуу үчүн жаңы талаптарды киргизүүдө. Ага ылайык, өлкөдө жашоонун минималдуу мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга чейин узартылат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Юстиция министри Хироси Хирагутинин айтымында, жаңы эрежелер боюнча жарандык алуу үчүн япон коомуна толук аралашуу негизги шарттардын бири болот.
Мындан тышкары, төмөнкү талаптар катаалдаштырылды:
- Салык төлөмдөрүн текшерүү мөөнөтү — 1 жылдан 5 жылга чейин;
- Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча текшерүү — 1 жылдан 2 жылга чейин узартылды.
Өтүнмөлөрдү кароодо япон коомуна шайкештик, анын ичинде япон тилинде күнүмдүк баарлашуу жөндөмдүүлүгү өзгөчө эске алынат. Жаңы эрежелер буга чейин берилген арыздарга да жайылтылат.
Белгилей кетсек, премьер-министр Санаэ Такаити буга чейинки эрежелер өтө жумшак экенин айтып, натурализация шарттарын катаалдаштырууну тапшырган.
Эске салсак, буга чейин мыйзамда 5 жылдык үзгүлтүксүз жашоо мөөнөтү, салыктар боюнча карыздын жоктугу жана туруктуу киреше булагы гана талап кылынып келген.