Япония Нагоядагы Азия оюндарына арналган күмүш тыйындарды чыгарды

Дүйнө Загрузка... 10 Июнь 2026 09:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Япониянын монета сарайы 2026-жылы Нагояда өтө турган Азия оюндары жана Азия Паралимпиада оюндарына карата күмүш тыйындарды чыгара баштады, деп Kaзинформ Kyodo агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, таза күмүш тыйындардын бир тарабында Айти префектурасындагы Палома Мидзухо стадионундагы спортчулардын сүрөтү түшүрүлгөн, ал эми экинчи тарабында мелдештин талисмандары Азия оюндарынын Хонохон жана Паралимпиада оюндарынын Удзумин чагылдырат.

Тыйындардын диаметри 40 мм жана салмагы 31,1 граммды түзөт. Ар биринин баасы 34 800 иен (болжол менен 220 доллар). Сатып алуу буюртмалары 23-июнга чейин почта же Монета сарайынын сайты аркылуу онлайн кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Азия оюндары 19-сентябрда Нагояда, ал эми Азия Паралимпиада оюндары 18-октябрда башталат.