Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Япония Марстын Фобос жана Деймос спутниктерин изилдөө үчүн космоско атайын аппарат учурду. Миссиянын негизги максаты — Фобос спутнигинен топурак үлгүлөрүн алып, аларды 2031-жылы Жерге жеткирүү. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Япониянын аэрокосмостук изилдөөлөр агенттигинин (JAXA) маалыматына ылайык, аппарат 20-октябрда Танэгасима аралындагы космодромдон учурулган.
MMX (Martian Moons Exploration — Марстын спутниктерин изилдөө) деп аталган аппараттын салмагы беш тоннаны түзөт. Анын Фобостун орбитасына чейин жетип, кайра Жерге кайтуусуна болжол менен бир жылдан убакыт талап кылынат.
Аппарат үч жыл бою Фобос менен Деймос спутниктерин изилдейт. Алардын диаметри болжол менен 20 жана 10 чакырымды түзөт. Миссиянын алкагында Фобоско конуп, анын топурагынын үлгүлөрүн алуу да каралган. Алгач спутникке чакан автономдуу марсоход конуп, андан кийин негизги аппарат конушу керек.
Долбоордун баасы 578 млн доллар деп бааланууда. Ага Япония, АКШ, Франция, Германия жана Европа космостук агенттиги катышууда. Франция менен Германия “Астерикс жана Обеликс” комиксиндеги иттин атынан Идефикс деп аталган марсоходду даярдашкан.
Микротолкундуу мештин көлөмүндөй болгон төрт дөңгөлөктүү марсоход Фобоско биринчи болуп конуп, ал жерде болжол менен 100 күн иштейт. Ал секундасына бир миллиметр ылдамдыкта жылат. Ал эми MMX аппараты топурактын 10 грамм үлгүсүн алуу үчүн спутниктин бетинде болгону эки саат болот.
Буга чейин СССР менен Россия Фобоско конуу максатында үч жолу миссия жөнөтүүгө аракет кылган. 1989-жылы “Фобос-2” аппараты гана Марстын спутнигине жетип, Жерге сүрөттөрдү өткөрүп берген. Бирок бул аракеттердин эч биринде спутниктин бетине конуу ишке ашкан эмес.