Япония Азия өлкөлөрүнө мунай сатып алуу үчүн 10 млрд доллар бөлөт

Дүйнө Загрузка... 16 Апрель 2026 09:00
c04ca915-dd0c-4ae9-be86-39cbadcf7d44.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.26./Кабар/. Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам баалардын өсүшү жана мунайдын туруктуу жеткирилишин камсыз кылуу үчүн Азия өлкөлөрүнө 10 млрд доллар бөлөрүн билдирди, деп Kazinform Kyodo агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, чечим Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясын кошо алганда, аймактагы өлкөлөр менен онлайн жолугушуудан кийин жарыяланды.

Каражат энергетикалык камсыздоо чынжырларын бекемдөөгө жумшалат. Тактап айтканда, мунай жана мунай продуктуларын сатып алуу үчүн насыяларды берүүгө, ошондой эле стратегиялык резервдерди кеңейтүүгө жумшалат.

Токио жардамдын көлөмү болжол менен 1,2 млрд баррель мунайга барабар деп эсептейт.

Санаэ Такаити белгилегендей, Япониянын экономикасы Азия рыноктору менен тыгыз байланышта жана аймактагы мунай менен камсыздоодогу ар кандай үзгүлтүккө учуроолор өлкөнүн өнөр жайына жана социалдык тармагына олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн.

Каржылык колдоо Япониянын Эл аралык кызматташтык банкы аркылуу көрсөтүлөт.