Бишкек, 12.03.26 /Кабар/. WhatsApp мобилдик мессенжери 13 жашка чейинки балдар үчүн функциялары чектелген атайын аккаунттарды ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу DW басылмасына таянып, Kazinform билдирет.
Маалыматка ылайык, мындай аккаунттар аркылуу балдар негизинен билдирүү жөнөтүп, чалууларды гана жасай алышат. Аккаунтту орноткондон кийин аны ата-эне же камкорчу көзөмөлдөйт. Алар баланын аккаунту менен ким байланыш түзө аларын жана бала кайсы топторго кошула аларын аныкташат.
Мындан тышкары, ата-энелер белгисиз колдонуучулардан келген билдирүүлөрдү көрө алышат жана жеке коопсуздук жөндөөлөрүн башкарууга мүмкүнчүлүк алышат.
Эске салсак, буга чейин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес социалдык тармактардагы кастык тилинин таралышын жана алгоритмдер адамдарды канчалык бөлүп-жарууга алып келип жатканын талдоо үчүн HODIO (анализ, талдоо жүргүзүү) аттуу системаны сунуштаган.