“Vizit Bishkek” — Бишкекке келген саякатчылар үчүн атайын колдонмо ишке кирет

Туризм Загрузка... 04 Ноябрь 2025 17:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Бишкек шаарынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө Департаменти жана Кыргызстандын усталар ассоциациясы менен маанилүү меморандумдарга кол койду.

Фонддон билдиришкендей, бул документтердин максаты — өлкө борборунун жана аймактардын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, ошондой эле ички жана иш-чаралык туризм тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө болуп саналат.

Келишимдерге ылайык, тараптар бир нече негизги багыттар боюнча кызматташышат:

  • Санариптештирүү жана инновациялар: «Vizit Bishkek» мобилдик тиркемеси аркылуу маалымат алуу, маршруттарды тандоо жана кызматтарды брондоо мүмкүнчүлүгү.
    Жаштар демилгелери жана стартаптар: туризм багытындагы жаштар долбоорлоруна каржылык, консультациялык жана эксперттик колдоо.
    Окуялык жана спорттук туризм: шаардык фестивалдар, спорттук жана маданий программалар аркылуу туристтерди тартуу.
    Маркетинг жана бренд: Бишкекти туристтик багыт катары илгерилетүү жана борбордун туристтик брендин түзүү.
    Гостиница жана ресторан бизнеси: секторун өнүктүрүү жана сапаттуу туристтик кызматтарды кеңейтүү.

Бул меморандумдар узак мөөнөттүү өнөктөштүк түзүүгө жана Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында ички жана окуялык туризмди өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет.