Visa компаниясы 2600гө жакын кызматкерин кыскартууну пландап жатат

Дүйнө Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 10:20
WhatsApp Image 2026-07-31 at 07.17.28.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Америкалык Visa төлөм системасынын оператору компаниянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кызматкерлеринин 7 пайызын, болжол менен 2600 жумуш ордун кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу FOX Business`ке шилтеме берүү менен Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, кыскартуулар негизинен технологиялык жана продукт иштеп чыгуучу бөлүмдөргө тиешелүү болот. Компания мындай өзгөрүүлөрдү жасалма интеллекттин өнүгүшү жана иш процесстеринин өзгөрүшү менен түшүндүрдү.

Visa компаниясынын башкы директору Райан Макинерни жасалма интеллект өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Буга чейин Visa`нын негизги атаандашы Mastercard да дүйнө жүзү боюнча кызматкерлеринин 4 пайызын кыскартуу планын жарыялаган. Ошондой эле финтех тармагындагы айрым компаниялар да штаттык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатышат.