Бишкек, 23.02.26 /Кабар/. АКШдагы Stanford University университетинин окумуштуулары мурун аркылуу берилүүчү спрей түрүндөгү жаңы вакцинаны иштеп чыгууда. Ал сасык тумоонун бардык түрлөрүнөн тышкары, суук тийүүдөн, өпкөнүн бактериялык инфекцияларынан жана айрым аллергия формаларынан коргой алат. Бул тууралуу Kazinform билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, окумуштуулар “универсалдуу вакцина” деп атаган дары жаныбарлар аркылуу сыноодон ийгиликтүү өткөн. Азыркы тапта алар адамдардын катышуусунда клиникалык изилдөөлөрдү баштоого даярданып жатышат.
Окумуштуулардын айтымында, бул ыкма эки кылымдан бери колдонулуп келе жаткан салттуу вакциналардан кескин айырмаланат.
Кадимки вакциналар организмди белгилүү бир вируска каршы күрөшүүгө “үйрөтөт”. Мисалы, кызамык же чечекке каршы эмдөө иммунитетти бир гана козгогучка каршы активдештирет.
Жаңы ыкма иммундук системаны вируска каршы күрөшүүгө көндүрбөстөн, андагы табигый коргонуу механизмин күчөтөт.
Вакцина мурун аркылуу берилет жана өпкөдөгү ак кан клеткаларын - макрофагдарды активдештирет. Натыйжада бул клеткалар дайыма инфекцияга каршы даяр абалда болот. Ошентип, организм дем алуу жолдору аркылуу кирген ар кандай козгогучтарга ыкчам жооп бере алат.