VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтөрү жакында белгилүү болот

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 23 Март 2026 11:45
WhatsApp Image 2026-03-23 at 10.50.45.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтөрү жакынкы 1-2 айдын ичинде жарыяланат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башка өлкөдө өтөрү пландалып, учурда 3-4 өлкөдөн көчмөндөр оюндарын өткөрүү ниетин билдирген билдирүүлөр келген.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 5 ай убакыт калды. Белгилүү болгондой, 2025-жылы 100 өлкөгө чакыруу кагазын жөнөткөнбүз. Азыркы күндө 50гө жакын өлкөдөн катышарын билдирген каттарды алдык. Негизи 90дон ашык өлкөнү кабыл алабыз деп күтүп жатабыз. Уюштуруу комитети ишинин финалдык этабына өтүп, күндүн жылышы менен инфраструктураны оңдоп-түзөө иштерине өтүүдөбүз. Көчмөндөр оюндарынын жүрөгү болгон Кырчын жайлоосунда этношаарча болот. Этношаарчаны жаңыча жасап, концепциясын иштеп чыгып, уюштуруу комитети бекитти. Азыркы күндө режиссердук топ, архитекторлор жана курулушчулар ишке даярданып, аба ырайынын жылышы менен иштерин баштоо алдында турат. Этношаарчаны ачуу 2-сентябрга белгиленген", — деди Аденов.

Ошондой эле ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө жаңы локациялар кошулбагандыгын, иш-чараны өткөрүүгө инфраструктура даяр экендиги маалымдалды.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жаңы локацияларды кошкон жокпуз. Анткени Ысык-Көл облусунда болгон инфраструктура даяр. Буга чейинки оюндарда колдонулган жерлерди колдонмой болдук. Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы, Газпром дене тарбия комплекси, "Рух Ордо" маданият борбору жана Бостеридеги "Номад" амфитеатры объектилери колдонулат", — деди ал.

Ал ошондой эле бир гана Чолпон-Атадагы ат майданында чакан оңдоо иштери жүргүзүлөрү пландалып жатканын кошумчалады.