VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети расмий маалымат жыйын өткөрдү

ДКО-2026 Загрузка... 24 Июль 2025 13:27
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бишкекте 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн расмий маалымат жыйыны өттү.

Жыйындын башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов сөз сүйлөп, 2026-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү, масштабдуу бир катар окуялар, иш-чаралар өтөөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, ШКУга мүчө мамлекеттердин форуму өтүп, төрагалык Кыргызстанга өтөрү, "Ысык-Көл" форумунун 40 жылдыгына арналган форум жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле маалымат жыйындын жүрүшүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземи Бишкектеги жаңы стадиондо, ал эми оюндар Чолпон-Ата шаарында, Кырчын жайлоосунда өтөрү айтылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу суу болоорун, чет элдик өнөр адамдары чакырылаарын жана башка кызыктар көрүүчүлөр үчүн азырынча сыр бойдон калуусун айтты.

Өз кезегинде журналисттер улуттук көк бөрү оюнун өткөрүү эрежелери боюнча суроо берилип, Байсалов оюндун эрежелери тууралуу сүйлөшүүлөр, иштер жүрүп жатканын, кыргыз менен казак элин биримдигин чыңдаган оюн болушу керек экенин билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-24 at 13.17.38.jpeg

Жыйынга Эдил Байсаловдон тышкары Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен өкүл катары Бекбосун Борубашов, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары -маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорунун жетекчиси - уюштуруу комитетинин мүчөсү Асхат Акибаев катышты.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу, сактоо жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын эл аралык долбоору.

Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014, 2016, 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн. Андан кийин 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда уюштурулган.