VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 өлкө катышып, 50 млн сом байге коюлат

Көчмөндөр оюндары-2026 7021 15 Январь 2026 12:50
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.41 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.44 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.43 (6).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.43 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.43 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.42 (7).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.42 (6).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.42 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.42 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.41 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-15 at 12.42.41 (3).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 49 млн 800 миң сомдун тегерегинде болуусу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал эми өнөктөштөр жана демөөрчүлөр боюнча атайын катчылык иш алып барып жатканы маалымдалды.

“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы быйыл өлкөдө өтүүчү ШКУ саммитинин юбилейлик 25 жылдыгына карата башкача форматта болот. Ачылыш аземи борбордогу жаңы курулуп жаткан 51 миң кишилик “Бишкек Арена” стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрь айында Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бренд укугун алды. Бул бренд бизге оюндардын форматын белгилөө, тартибин бекитүү укугун берет. Бул өтө чоң жетишкендик. Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу процессинде эң алгачкылардан болуп бул ири долбоорду демилгелеп, өткөргөн”,- деди Молдажиев.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мамлекеттердин катышуусу тууралуу маалыматка токтолсок, 2016-жылы 62 мамлекет, 2018-жылы 82 мамлекет, 2022-жылы 79 мамлекет, 2024-жылы 89 мамлекет катышкан.

Ал эми быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 мамлекеттин өкүлдөрүнүн жана 3 миңдей кишинин катышуусу күтүлүүдө.