VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары 5 локацияда өтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 28 Май 2026 16:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программалары негизги 5 локацияда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программаларына арналган маалымат жыйынында билдирди.

WhatsApp Image 2026-05-28 at 14.17.19.jpeg

Анын айтымында, ири маданий иш-чаралар төмөнкү аймактарда өтмөкчү:

  • Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жайгашкан "Көчмөндөр ааламы жандуу мурас" этно-маданий шаарчасы;
  • Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде "Көчмөндөр ааламы — доорлор байланышы" эл аралык этно-маданий фестивалы;
  • Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Дордой-Ноомад" этно-комплексинде этно-модерн стилиндеги "Ноомад-фест" фестивалы;
  • Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында "Глобалдык келечек — көчмөндөр жаңырыгы" этно-хиттер фестивалы өтөт;
  • Ысык-Көл облусундагы Өрнөк айылында Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда "Арт-лаб" чыгармачылык лабораториясы өтөт.
WhatsApp Image 2026-05-28 at 14.19.49.jpeg

Маалымдалгандай, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети тарабынан КР Эл артисти Алтынбек Максүтов маданий программалардын башкы режиссеру болуп бекитилген.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданий багыттан тышкары, спорт жана илим тармагын камтыйт.

Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.