Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 43 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп, Кыргызстандан 395, башка чет өлкөлөрдөн 263 спортчунун катышуусу пландалууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук иш-чараларга жалпысынан 2800 – 3000дей спортчу катышмакчы.
“VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук иш-чараларына катышуу үчүн 100 мамлекетке расмий түрдө жобо жиберилген. Бардыгы 43 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп, анын 20сы өзүбүздүн улуттук спорт, калганы чет өлкөлүк спорттун түрлөрү болмокчу. Негизинен спорттук мелдештер өлкө аймагындагы 5 локацияда өтөт”,- деди Асанбаев.
Белгилей кетсек, көк бөрү улуттук оюнун өткөрүү эрежелери боюнча тараптар менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы жана ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маалымат берилээри кабарланды.
Андан тышкары, улуттук кийимдер боюнча “Байра” фирмасы утуп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийиле турган улуттук колориттеги кийимдерди тигип берээри маалымдалды. Ал эми спорт кийимдерин даярдоону “Jома” компаниясы утуп алгандыгы кошумчаланды.