VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык: бардык багыт көңүл борборунда

Көчмөндөр оюндары-2026 51 10 Август 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-08-10 at 18.02.13.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына туура 21 күн калды. Ири иш-чаранын алкагында “Биримдик кербени” 40 күндүк улуттук жүрүшүн улантууда. Бул күндөрү Кыргызстан дүйнөнүн ар тарабынан келген миңдеген спортчуларды, туристтерди жана ондогон өлкөлөрдүн расмий делегацияларын кабыл алууга кам көрүүдө.

Көчмөндөр оюндары менен катар Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп, өлкөгө алгачкы жолу бир мезгилде 21 мамлекеттин лидерлери келери күтүлүүдө. Учурда оюндар уюштурула турган бардык жайларда даярдык иштери акыркы баскычка жетип, аяктоо алдында турат. Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи борбор калаада өткөрүлөт. Ал эми негизги спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өтмөкчү.

Көчмөндөр оюндарына даярдык акыркы баскычта

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков Көчмөндөр оюндарына жалпы даярдык боюнча көп иштер аягына чыгып калгандыгын “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

“Учурда кызуу жүрүп жаткан айрым иштерден тышкары, негизинен жалпы даярдык аягына чыгып калды. Мисалы, спорт багытында Кыргызстандын намысын коргой турган курама командаларды тандап алуу толук аяктады. Учурда спортчуларга атайын окуу-машыгуулардан өтүшүүдө. Бишкекте спорттун бир нече түрү, Ысык-Көл облусунда көк бөрү, көк пар, эр эңиш боюнча машыгуулар жүрүүдө. Учурга чейин 100дөн ашуун мамлекет аккредитациядан өтүп, жалпы 3 миңге жакын спортчунун катышары күтүлүүдө. Ал эми оюндар спорттун 43 түрү боюнча өтөт. Спортчуларды жайгаштыруу, тамак-аш жана логистика боюнча уюштуруу комитети тарабынан иштер жүргүзүлүп, спортчулар жайгаша турган мейманканалар, пансионаттар жана жатаканалар менен келишимдер түзүлүп, даярдалды. Учурда жайгаштыруу маселелери гана калды”,- деди Өмүрбеков.

Көчмөндөр оюндарына катыша турган спортчулар жана чет өлкөлүк коноктор үчүн бардык шарттар тыкыр көзөмөлдө уюштурулуп жатканы белгиленди.

"Көчмөндөр оюндарына катыша турган бардык спортчулар үчүн өзгөчө шарттар түзүлгөн. Тамак-аштан тартып, жата турган жайларына чейин текшерип, карап жатабыз. Кээ бир өлкөлөрдүн спортчулары тамакты мүнөздөп жегендиктен, аны да эске алып, аш тизмеге чейин өзүбүздүн көзөмөлдө. Биздин спортчулардын учурда даярдыгы абдан жакшы, бардык спортчуларыбыздан башкы байгелерди күтүүдөбүз. Анткени, көчмөндөр оюндары улуттук оюндардан турган спорттун түрү, этно спорттон түзүлгөн чоң долбоор. Ал эми улуттук этно спорт бул – биздин өлкөдө жакшы өнүккөндүктөн, спортчуларыбыз мелдештерде жеңишке жетишет деген ишеничтебиз”,- дейт ал.

Ошондой эле оюндар учурунда коопсуздук жана медициналык камсыздоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдардын биргелешкен иши аркылуу көзөмөлдөнөрү кошумчаланды.

“Оюндардын өтүшүндөгү коопсуздук, медициналык жардам көрсөтүү маселелери боюнча жалпы уюштуруу тобу иштеп жатат. Ошол уюштуруу тобунда ар бир министрликтен тиешелүү кызматкерлерди камтыган жумушчу топ бар. Мисалы, жумушчу топтогу ички иштер органдарынын кызматкерлери коопсуздук маселелерине жооп беришет. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам кызматы, дарыгерлер менен камсыздайт. Ар бир мелдеш өтө турган локацияда медицина кызматкерлери болот”,- деди агенттиктин өкүлү.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата электр тармактары жаңыланууда

"Кырчын” этнокомплексинде электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 17,7 чакырым жаңы 10 кВ аба электр берүү чубалгысы өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым менен курулуп, 535 жаңы темир-бетон мамы орнотулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, ар биринин кубаттуулугу 630 кВА болгон 5 трансформатордук көмөкчордон орнотулуу менен колдонуудагы 16 чакырым 10 кВ электр берүү чубалгысы жаңыланып, эски зымдардын ордуна заманбап СИП зымдары тартылган. Мындан тышкары, пайдалануу мөөнөтү бүткөн темир-бетон мамылары жаңысына алмаштырылган.

Андан башка, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында “Көк-Бөрү” аренасында да 19 жаңы электр мамы орнотулуп, зымдары тартылып, кубаттуулугу 630 кВА болгон трансформатор орнотулууда.

“Бул иштер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде спорттук жана башка объектилерди ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоодо өзгөчө мааниге ээ. Азыркы учурда эки негизги “Григорьевка” жана “Бостери” 110 кВ көмөкчордондорунда өчүргүчтөрдү алмаштыруу иштери уланууда. Энергетиктер тарабынан көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алкагында электр тармактарын жаңылоо жана объектилердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер күчөтүлгөн тартипте улантууда”,- деп айтылат маалыматта.

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына карата жолдор оңдолууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өлкөдө жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылууда. Анын катарында Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу уланып, аталган шаардагы ат майданда асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, Корумду – Балбай унаа жолунун 104–184,5 км тилкесинде курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Учурда 14 көпүрө жана 2 жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулуп бүттү. Ошондой эле Кырчын жайлоосуна алып баруучу Семеновка–Ак-Суу жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу унаа жолдорунда асфальт-бетон жабуусун куруу жана көпүрөлөрдү куруу иштери алынтылууда.

Министрлик тарабынан бардык объектилердеги курулуш-монтаж иштеринин бекитилген графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ири масштабда уюштурулуп, негизги мелдештер бир нече чоң аянтчаларда өтөт. Чолпон-Атадагы ат майданда ат оюндарынын бир нече түрү уюштурулуп, көк бөрү үчүн 10 миң орундуу өзүнчө стадион курулууда. Кырчын жайлоосунда 15ке жакын көргөзмө оюн көрсөтүлсө, “Көчмөндөр цивилизациясы” борборунда 1–7-сентябрь аралыгында 78 иш-чара пландалган. Жалпысынан Ысык-Көл облусунда 800дөн ашуун маданий иш-чара өтүп, мелдештердин негизги бөлүгү 6-сентябрда аяктаары маалым.

Жыйынтыктап айтсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлүүдө. Бул ири долбоордун ийгиликтүү өтүшү дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброюн бекемдеп, улуттук маданият менен спорттун өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.