VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды: "Биримдик кербени" сапарга чыгат

Көчмөндөр оюндары-2026 Жүктөлүүдө... 23 Июль 2026 15:10
WhatsApp Image 2026-07-23 at 15.03.41 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышына 40 күн калды. Бул күндөрдүн ичинде көчмөндөр оюндарынын эң ири маданий демилгелеринин бири болгон “Биримдик кербени” жалпы улуттук руханий-маданий кербен 40 күндүк сапарга чыгат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын, маданий мурасын, оюндардын рухун даңазалоого багытталган Кербен өлкөнүн 40 аймагынан сапар алып, Улуу көчкө биригет.

“Көчмөндөр оюндарына “40 күн калды!” аттуу символикалык акция өткөрүлүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган бирдиктүү маалыматтык өнөктүккө старт берилет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын дүйнөгө тааныткан эң ири эл аралык долбоорлордун бири болуп саналат. Ал эми анын Маданий программасы оюндардын ажырагыс бөлүгү катары эл аралык маданий кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз элинин бай мурасын жайылтууга жана дүйнө элдеринин ортосундагы маданий диалогду өнүктүрүүгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүн Улуттук тарых музейинде “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!” аталган иш-чара өтүп, дүйнөнүн 90дон ашуун мамлекетинен келе турган катышуучулар менен коноктор үчүн даярдалган маданий программа тууралуу маалымат берилет.