Ветеринардык дарыгерлер эми мамлекеттен маяна ала баштайбы?

Коом 14 сентябрь 2026 18:45
Ветеринардык дарыгерлер эми мамлекеттен маяна ала баштайбы?

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда ветеринардык дарыгерлер мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, республика боюнча аларга бирдиктүү базалык айлык коюлат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ветеринардык тармак бүгүнкү күндө башынан аягына чейин реформанын алдында турат. Реформанын негизги максаттарынын бири — ветеринардык дарыгерлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү.

"Ветеринардык дарыгерлердин чыгымын мамлекет өзүнө алуу максатында, республика боюнча бир базалык айлык коюлат. Биз ветеринардык врачтарды мамлекеттин карамагына алуу менен бул мамлекеттик тармакта ветеринардык программаларды толук аткарууну, ошондой эле жеринде эпизоотиялык абалды туруктуу кармоону жана мал ээлерине сапаттуу кызмат көрсөтүүнү көздөп жатабыз", - деди Сотовалдиев.

Белгиленгендей, учурда жер-жерлерде жеке ветеринардык врачтар ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мамлекеттен айлык алышпайт.

"Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө жеринде жеке ветеринардык врачтар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Алар мамлекеттен бир сом айлык албай иштешет. Ошону менен бирге эл арасында нааразычылыктар да пайда болууда. Себеби, прейскурант боюнча бир мал ээсинен 50 сом алса, экинчисинен 200 сом, бир жактан 300 сом алууда. Негизи анын бардыгы ветеринардык чыгымына байланыштуу болот", - деди ал.

Анын айтымында, ветеринардык врачтардын чыгымын мамлекет өзүнө алуу жана аларды мамлекеттик системага өткөрүү тармактагы ветеринардык программаларды толук аткарууга, жеринде эпизоотиялык абалды туруктуу кармоого жана мал ээлерине сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталат.