Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Актриса Вера Алентова көз жумганын А.С. Пушкин атындагы Москва драма театрынан билдиришти. Вера Алентова 83 жашта болчу, өлүмүнүн себеби тактала элек, деп жазат РИА Новости.
Вера Алентованын эң белгилүү ролдорунун бири — "Москва көз жашка ишенбейт" ("Москва слезам не верит") тасмасындагы Катерина Тихомированын образы. Бул тасма 1981-жылы "Оскар" сыйлыгына татыган.