Бишкек, 29.08.26 /Кабар/. Венгриянын көк бөрү боюнча курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Федерациядан билдиришкендей, команданын курамында 14 оюнчу бар. Алар менен бирге Венгриянын Көк бөрү федерациясынын президенти Biro Andras Zsolt да келген.
Спортчулар өлкөгө келгенден кийин Чолпон-Ата шаарына жөнөп кетишти.
31-августта Венгриянын курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Бишкек-Аренада“ өтө турган ачылыш аземине катышуу үчүн Бишкекке келет.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган дагы беш өлкөнүн көк бөрү боюнча оюнчулары келишкен.
Эл аралык Көк бөрү федерациясы Венгриянын курама командасын Кыргызстанда жылуу тосуп алып, алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалады.