Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1 943 адамга жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Синьхуага шилтеме берип билдирди.
Маалыматка ылайык, дагы 10 миңден ашык адам ар кандай деңгээлде жаракат алды. Бул жер титирөө Венесуэла акыркы 123 жылда башынан өткөргөн эң алааматтуу окуя катары бааланууда.
Белгилей кетсек, 24-июнь кечинде жана 25-июнь эртең менен Венесуэлада катуу жер титирөөлөр болуп, көптөгөн турак жайлар кыйрады.
Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, эң катуу жабыркаган Ла-Гуайра штаты аскердик көзөмөлгө алынды. Учурда Венесуэла эл аралык уюмдардан жана бир катар өлкөлөрдөн гуманитардык жардам алууда.
Буга чейин маалымдалгандай, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, өлкөдө 500 миңдей адам азык-түлүк жардамына муктаж. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму жаратылыш кырсыгынан келтирилген жалпы чыгымды 6,7 миллиард доллар деп баалады.
Акыркы ийгиликтүү операциялардын биринде Ла-Гуайра штатындагы урандылардын алдынан жер титирөөдөн алты күн өткөндөн кийин үч жаштагы бала тирүү табылып, ооруканага жеткирилди жана ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү.