Бишкек, 24.07.26. /Кабар/. Венесуэлада болгон кыйраткыч жер титирөөдөн каза болгондордун саны 5 миң 398 адамга жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Расмий маалыматка ылайык, 16 миң 740 адам жаракат алып, 17 миң 907 киши үй-жайсыз калган. Табигый кырсыктын кесепетинен 190 имарат толугу менен кыйрап, дагы 856 имарат олуттуу жабыркаган.
Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6 миң 462 адам куткарылып, жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө. Учурда миңдеген тургундар убактылуу жайгаштыруу борборлоруна көчүрүлгөн.
Эске салсак, күчтүү жер титирөөнүн очогу өлкөнүн Кариб деңизинин жээгинде, борбор шаар Каракастан батышты карай 168 чакырым аралыкта 13 чакырым тереңдикте катталган. Кырсыктан кийин Венесуэлада жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган.