Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Венесуэладагы кыйраткыч жер титирөөлөрдүн кесепетинен каза болгондордун саны 3 342 адамга жетти, деп жазды РИА Новости өлкө өкмөтүнүн расмий маалыматына таянып.
Маалыматка ылайык, ал эми жаракат алгандардын саны 16 миң 740 адамга жетти.
"3 342 адам каза болду, 16 740 адам жабыркады, 6 462 адам куткарылды", - деп жазган өлкөнүн парламентинин төрагасы Хорхе Родригес өзүнүн Telegram-каналына.
Аман-эсен куткарылгандардын саны акыркы эки сутка ичинде өзгөргөн жок, ал эми каза болгондордун саны 388ге көбөйдү.
Эске сала кетсек, 24-июнда Венесуэланын түндүгүндө борбор шаар Каракастан батыш тарапта, болгону 39 секунддук аралык менен магнитудасы 7,2 жана 7,5ке жеткен эки жер титирөө болгон. Бул өлкөдөгү акыркы 125 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болуп саналат. Андан кийин ондогон афтершок катталган.