Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6100дөн ашты

Дүйнө Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 10:10
WhatsApp Image 2026-08-04 at 07.16.46.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Венесуэлада июнь айында болгон кош жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6125 адамга жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин маалыматына ылайык, кырсыктан кийин 6462 адам куткарылып, 60 миң 992 жабырлануучу ооруканаларда медициналык жардам алды.

Анын айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө 287 үй берилди. Ошондой эле өлкө боюнча 43 миң 679 имараттын абалы текшерилди.

Бийлик имараттардын коопсуздук деңгээлин аныктоо үчүн түстүү белгилөө системасын киргизди. Жашыл белги - жашоого ылайыктуу, сары - кирүүгө чектөө коюлган, ал эми кызыл - кооптуу жана бузуу талап кылынышы мүмкүн болгон имараттарды билдирет.

Белгилей кетсек, Венесуэладагы күчтүү жер титирөөдөн борбор шаар Каракаста бир катар үйлөр урап түшкөн. Кырсыктан улам өлкөдө жети күндүк аза күтүү жарыяланган.