ДССУ: Венесуэлада медициналык кырдаал курч бойдон калууда

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2026 17:05
2101546300_0_0_3072.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Венесуэлада катуу жер титирөөлөрдөн кийин жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучу кескин жогорулады. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Женевадагы расмий өкүлү Кристиан Линдмайер билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 38 оорукана жабыркап, саламаттык сактоо тутумуна күч келүүдө. Айрым медициналык мекемелер ишмердүүлүгүн токтотсо, калгандары бейтаптарга толуп кеткен.

"Натыйжада кызылча, дифтерия, көк жөтөл сыяктуу вакцина менен алдын ала турган оорулардын, ошондой эле сары безгек, денге безгеги, Зика вирусу жана малярия сыяктуу суу аркылуу жугуучу дарттардын жайылуу коркунучу артты", — деди ал.

Ал белгилегендей, убактылуу лагерлердеги калк арасында эмдөө деңгээли төмөн болуп, вакциналарга жеткиликтүүлүк чектелүүдө. Мындан сырткары, өлкөдө медицина кызматкерлеринин, өзгөчө акушердик жардам көрсөтүүчү адистердин тартыштыгы байкалууда. ДССУ таза суу жана санитария тутумунун бузулушунан улам кырдаал дагы начарлап кетиши мүмкүн деп кооптонууда.

Эскерте кетсек, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки катуу жер титирөө катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 1719 адамга жетип, 5 миңден ашык жаран жаракат алган.