Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Венесуэлада июнь айынын аягында болгон бир катар жер титирөөлөрдөн каза болгондордун саны 6125ке жетти, деп Улуттук ассамблеянын төрагасы Хорхе Родригес Telegram баракчасында билдиргенин, Интерфакс жазды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө 6462 адам куткарылып, ооруканаларда 61 миңдей адам медициналык жардам алган.
Үй-жайсыз калгандарга 287 турак жай берилген, 41 624 мүлк жабыркаганы аныкталган.
24-июнда Венесуэлада бир нече жер титирөө болгон. Алардын күчү 7,2 жана 7,5 баллды түзгөн.