Венесуэладагы зилзала: Каза болгондордун саны 1719га жетти

Дүйнө Загрузка... 30 Июнь 2026 12:30
WhatsApp_Image_2026_m4DWbO0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Венесуэлада жер титирөөдө каза болгондордун саны 1719га жетти. Бул тууралуу Казинформ Анадолу агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу иштери уланууда.

Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес акыркы эки зилзаладан кийинки кырдаал боюнча элге кайрылуу жасады. Родригестин билдирүүсүнө караганда, жер титирөөдөн каза болгондор 1719 адамга жетсе, жаракат алгандардын саны 5 034тү түздү.

Анын айтымында, кырсыктан жалпысынан 22 619 адам жабыр тарткан. Ошондой эле 855 имаратка зыян келип, анын ичинен 189у толугу менен кыйрады.