Венесуэлада жер титирөө болуп, каза болгондордун саны 190го жакындады

Дүйнө Загрузка... 26 Июнь 2026 09:20
cfcff46a-842d-4750-b50f-6bee7e2bf8c2.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Венесуэлада жер титирөөдөн дээрлик 190 адам каза болду. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Маалыматка ылайык, кеминде 188 адам каза болуп, 1520 адам жаракат алган.

Ошол эле учурда Sky News телеканалынын маалыматы боюнча, учурда 200 адам урандылардын астында калууда.

Каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени дээрлик 40 миң адам дайынсыз болууда.

Белгилей кетсек, Венесуэлада шаршемби күнү кечинде күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Ла-Гуайра штаты эң катуу жабыркады.

Учурда жеринде куткаруу иштери жүргүзүлүп, келтирилген зыяндын өлчөмү бааланууда.