Вашингтондо жүргүнчү учак дарыяга кулап, 60 адам жабыркады

Дүйнө 1091 30 Январь 2025 11:24
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.13.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.13.21.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.13.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-01-30 at 08.13.21.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. АКШнын борбору Вашингтондо учак Потомак дарыясына кулап түштү. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, кырсык Ак үй менен Капитолийден төрт чакырымдай түштүктө жайгашкан Рональд Рейган аэропортуна жакын жерде болгон.

Вичитадан Вашингтонго пландалган рейс менен учуп келе жаткан учак конуу учурунда аскердик тик учак менен кагылышкан.

Учактын үлгүсү Bombardier CRJ700. Кыйраган учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен кеминде төрт адам аман калып, ооруканага жаткырылган.

Учурда кырсык катталган жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп, аэропорт аба каттамдарын убактылуу токтотту.

Маалымат үчүн: потомак – АКШнын түндүк чыгышындагы дарыя. Апаллачи тоолорунан башталган Түндүк Потомак жана Түштүк Потомак дарыясынын кошулушунан түзүлгөн. Туурасы жүз метрге жеткен, терең аккан суу.