Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. АКШнын Вашингтон штатында уланып жаткан ири токой өрттөрүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Anadolu
агенттиги жазды.
CNN телеканалынын маалыматына ылайык, Спокан шаарынын аймагында өрт тез жайылып жаткандыктан, миңдеген үй-бүлөлөрдү эвакуациялоо тууралуу буйрук берилди.
Өрт өчүрүүчүлөргө жана башка ыкчам кызматтарга жардам берүү үчүн аймакка Вашингтон штатынын Улуттук гвардиясынын аскерлери тартылды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, учурда 13 миңден ашуун үй электр энергиясыз калды. Штат боюнча кеминде 10 ири токой өртү катталып, жыл башынан бери жалын 172 миң гектарга жакын аймакты каптаган.
Окуя болгон жерден тартылган кадрларда өрттүн турак жайларга жакындап, асманды коюу түтүн каптаганы көрүнөт.