Бишкек, 30.08.26 /Кабар/. Улуттук телерадиоберүү корпорациясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн “Улуу максаттарды көздөгөн шайкеш көз караштар – өнүгүүнүн жаңы жолу” гуманитардык алакалар форуму өтүүдө.
Маалым болгондой, аталган иш-чараны КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) менен Кытайдын Медиа корпорациясы (CMG) биргеликте уюштурууда.
Белгилей кетсек, иш-чаранын башында президент Садыр Жапаровдун куттуктоо кайрылуусун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов окуп, андан кийин чакырылган конокторго сөз берилди.
Президент кайрылуусунда ШКУ саммитинин алдында бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, форумдун ишине ийгилик каалаган.
Форумдун катышуучулары жаңы технология, жасалма интеллект өнүккөн шартта маалымдоо каражаттарынын ордун, уюмдун алкагында кызматташуунун маанисин белгилешүүдө.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын заманбап көз карашы, миссиясы жана жоопкерчилиги, ошондой эле медианын инновациялык өнүгүүсү боюнча докладдар окулууда.
Форумга алдыңкы медиа компаниялардын өкүлдөрү, IT жана медиа технологиялар боюнча адистер, окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышууда.