Ошто унаа айдоодон баш тарткан 3 тургунга велосипед белекке берилди

Аймак 8 октябрь 2026 09:45
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Ош шаарында эки ай мурда башталган “Унаасыз бир күн — Велосипед менен жумушка” аттуу челлендждин жеңүүчүлөрү сыйланды.

Мэриядан билдиришкендей, бул саамалыктын жыйынтыгында активдүү тургундарга акыркы үлгүдөгү велосипеддер белекке берилди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды төмөнкү тургундар ээледи:

  • 1-орун — Диана Умаралиева;
  • 2-орун — Замирбек Эрнусбек уулу;
  • 3-орун — Алмаз Маликов.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр эки ай бою күн сайын жумушка велосипед менен барып, видео тартып турушкан.

"Бул демилге шаар тургундарын сергек жашоо образына үгүттөөгө, экологияны жакшыртууга жана автоунаа тыгындарын азайтууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.