"Унаасыз бир күн": Ошто велосипедге өтүүгө чакырык ташталды

Аймак 28 август 2026 10:45

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Ош шаарында жеке унаадан бир күнгө баш тартып, жумушка велосипед менен барууга үндөгөн "Унаасыз бир күн – велосипед менен жумушка!" аттуу экологиялык чакырык башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чакырыктын алгачкы катышуучулары Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери жана шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары болду. Алар 28-августта жумушка велосипед менен келишти.

Демилгенин максаты – экологиялык транспортту жайылтуу, жеке автоунааларды колдонууну азайтуу жана шаарда таза, ыңгайлуу чөйрө түзүүгө салым кошуу.

Челлендж 28-августтан 5-октябрга чейин ар жуманын жума күндөрү өтөт. Катышуучулар велосипед менен болгон сапарынан сүрөт же видео жарыялап, атайын хэштегдер менен бөлүшө алышат.

Иш-чаранын соңунда эң активдүү жана чыгармачыл катышуучулар сыйланат.