Унаасына жасалма номур таккан айдоочуга 20 миң сом айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 27 Август 2025 13:00
copyright icon www

Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Унаасына жасалма номур тагып жүргөн айдоочуга 20 миң сом айып салынды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ИИМдин ЖКККББнын Транспорт ишин лицензиялоо жана техникалык көзөмөлдөө башкармалыгы «коомдук транспорт жана “кошумча жабдык» рейд учурунда “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда аталган унаанын айдоочусу өзүнүн мамлекеттик номурун бекитип, жалган, жасалма мамлекеттик номур тагып жүргөндүгүн аныкташкан.

Бул факты боюнча айдоочусуна карата 20 миң сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.