Унаада кыз менен жигит күйүп кеткен окуя. "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду

Укук тартиби Загрузка... 23 Январь 2026 11:18
1.webp
copyright icon Чүй ОИИББ

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда унаа өрттөнүп, кыз менен жигит күйүп кеткен окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилей кетсек, 20-январда Москва районунун Спартак айылында Volkswagen Golf-3 унаасы күйүп, ичинен 26 жаштагы айдоочу О.Э. менен жүргүнчүсү 16 жаштагы Т.С.нын сөөгү табылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө О.Э. унааны 11-январда сатып алганы, сол тарабындагы фарасы иштебей жаткандыктан электрикке кайрылганы аныкталган. Адис унаанын техникалык абалы начар экенин айтып, аны айдоонун кооптуулугун эскерткен.

"Учурда такталган жагдайларга карабастан, окуянын бардык чоо-жайын кылдат изилдөө жана тергөө амалдарын жүргүзүү максатында "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.

Чүй облустук милициясы жарандарды чындыкка коошпогон маалыматтарды таратпоого чакырат.