Улуу Жеңишке 81 жыл. "Жеңиш ырлары" урааны алдында автожүрүш өттү

Коом 829 07 Май 2026 13:02
689022044_1468099578663471_7558402464086106541_n.jpg
687564535_1468099518663477_3089902641534925540_n.jpg
689490016_1468099708663458_5616932366537871958_n.jpg
690809197_1468099751996787_1170261039900445722_n.jpg
689627735_1468099801996782_2950045351127341384_n.jpg
685662129_1468099821996780_7970758509729772744_n.jpg
687675461_1468099568663472_7442711601911316680_n.jpg
688165962_1468099695330126_6956175296904027135_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 07.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 7-майда Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган "Жеңиш ырлары" урааны алдында автожүрүш өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Анда белгиленгендей, иш-чара тарыхый эстутумду сактоо, жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат көрсөтүү максатында уюштурулду. Ага "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Автоколоннанын жүрүшү Бишкек шаарынан башталып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен 73809 аскер бөлүгүнө чейин ("Ала-Тоо" полигону) барып, Беш-Күңгөй айылы аркылуу кайра кайтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар "Жеңиш" мемориалына гүл коюп, курман болгон баатырларды эскеришти. Ошондой эле согуш жылдарындагы ырларды аткарышып, элдин кайраттуулугу, биримдиги жана баатырдыгын даңазалашты.