Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Улуу Британия тамекиге каршы күрөштү күчөтүп, жаш муунду никотинден толук коргоону максат кылган жаңы мыйзамды кабыл алуу алдында турат. Бул тууралуу Kazinform маалымдады.
Маалыматка ылайык, тамеки жана вейп тууралуу мыйзам долбоору парламенттин акыркы баскычынан өтүп, аны Лорддор палатасы жактырды. Документ 2024-жылы иштелип чыккан.
Жаңы эрежеге ылайык, 2027-жылдын 1-январына чейин жашы 18ге жетпегендер өмүр бою мыйзамдуу түрдө тамеки сатып ала алышпайт. Атап айтканда, тамеки сатып алуу курагы жыл сайын бир жашка жогорулап турат. Бул чара 2009-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөргө тийиштүү.
Мындан тышкары, вейп колдонууга да чектөөлөр күчөтүлөт. Аларды жашы жете элек балдар бар унааларда, балдар аянтчаларында, мектептердин жана ооруканалардын жанында колдонууга тыюу салынат. Башкача айтканда, буга чейин тамеки тартууга тыюу салынган көпчүлүк жайлар эми вейпке да жабык болот.
Ошол эле учурда, ачык асман алдындагы ресторандарда, пабдарда, пляждарда жана жеке менчик аймактарда бул чектөөлөр колдонулбайт. Үйлөрдүн ичинде тамеки жана вейп колдонууга уруксат сакталат.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин, Карл III кол койгон королдук макулдук алынат. Бул – мыйзам кабыл алуудагы акыркы, көбүнчө формалдуу этап. Ошондой эле өкмөт мындан ары тамеки жана никотин продукциясын жөнгө салуу боюнча кошумча ыйгарым укуктарга ээ болот.