Улуу Британияда жасалма интеллект сот ишинде колдонулууда

Дүйнө Загрузка... 25 Июнь 2026 09:40
WhatsApp Image 2026-06-25 at 09.04.30.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Улуу Британияда биринчи жолу жасалма интеллект сот ишинде пайдаланылды, деп Казинформ The Guardian гезитине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, сот иштерин даярдоо үчүн жасалма интеллектти Garfield AI юридикалык фирмасы колдонгон. Фирма кардарга 7 миң евро карызды өндүрүүгө жардам берген.

Кызмат көрсөтүүлөр болжол менен 400 еврону түзгөн.

Жасалма интеллект доомат, далил жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү сыяктуу бардык зарыл болгон юридикалык документтерди так түзүүгө жардам берген. Система ошондой эле адвокаттар тарабынан берилген дооматка каршы чыгууга да жардам берген.

Өткөн жылдын апрель айында Улуу Британиянын жөнгө салуучу органынан лицензия алган Garfield компаниясы 30 миң евродон 10 миң еврого чейинки суммадагы дооматтарга көмөктөшөт. Жасалма интеллект аркылуу иш даярдалгандан кийин кардардын сотто өкүлчүлүгү үчүн адвокат жалданат.

Отурум 14-майда Лондон сотунда болуп, болжол менен үч саатка созулган. Сот доогердин тарабында болуп, карызды толугу менен төлөө чечимин чыгарган.