Бишкек, 21.01.26 /Кабар/. Улуу Британиянын өкмөтү балдар менен өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна чектөөлөрдү киргизүү боюнча коомдук консультацияларды баштады. Ошондой эле мектептерде смартфондорду колдонууга тыюу салуунун аткарылышын күчөтүү пландалып жатканын РБК агенттиги кабарлайт.
Анда белгиленгендей, өкмөт 5 жаштан 16 жашка чейинки балдардын ата-энелерине экран алдындагы убакытты чектөө боюнча илимге негизделген сунуштарды иштеп чыгат.
Башкы максат - балдардын жыргалчылыгын коргоо жана интернет мейкиндигинде коопсуз шарттарды түзүү. Бийлик социалдык тармактарга катталуу үчүн минималдуу куракты аныктоону, мындай чектөөлөрдү буга чейин киргизген башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөнү, ошондой эле ата-энелердин, жаштардын жана жарандык коомдун пикирлерин эске алууну көздөйт. Мындан тышкары, санариптик технологияларга көз карандылык менен күрөшүү жолдору да каралат.
Декабрь айында мындай тыюу Австралия өлкөсүндө күчүнө кирген. Ал жерде 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсү чектелген. Эгер платформалар жашы жете электердин аккаунт ачышына жол бербөө боюнча чара көрбөсө, аларга 50 миллион австралия доллары өлчөмүндө айып пул салынат.