Улуу Британияда 2025-жылы Библиянын сатылышы рекорддук деңгээлге жетти

Дүйнө Загрузка... 12 Январь 2026 09:00
8c8f5fb9-8364-4e4a-adb0-7df64f8b61dc.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. 2025-жылы Улуу Британияда болжол менен 6,3 млн Библия китеби сатылып, тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Бул тууралуу SPCK Group басма үйүнө шилтеме берип, The Guardian гезити билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, сатуу 2019-жылга салыштырмалуу 134%га, ал эми чиркөөгө барган жаштардын саны 2018-жылы 4%дан 2024-жылы 16%га чейин өскөн.

Басмакананын аткаруучу директору Сэм Ричардсондун айтымында, жаштар арасында динге болгон кызыгуунун өсүшү "дүйнөлүк саясий жана социалдык өзгөрүүлөр жана жасалма интеллекттин өнүгүшү" менен байланыштуу.