Улуу Британия жасалма интеллект үчүн 1 млрд доллар бөлөт

Дүйнө Загрузка... 09 Июнь 2026 10:15
WhatsApp Image 2026-06-09 at 08.59.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Улуу Британия жасалма интеллект (ЖИ) үчүн компьютерди түзүүгө 1 млрд доллар бөлөт. Бул тууралуу Казинформ ТАСС агенттиги шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка ылайык, система далилденген жана ишенимдүү процессорлорду эң жаңы микрочиптер менен айкалыштырып, салттуу компьютерлерге караганда татаал тапшырмаларды натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет.

Бул сумманын жарымынан көбү ЖИ компьютерин кийинки муундагы чиптер менен жабдууга жумшалат. Алгачкы сумма ушул жайда бөлүнөт.

Компьютерлер Эдинбург университетинде түзүлүп жаткан борбордо жайгаштырылат жана Улуу Британиянын ЖИ өнүктүрүү долбоорунун жалпы системасына, ошондой эле Улуу Британиянын эсептөө борборлоруна интеграцияланат.